Түркиядан Газага гуманитардык жардам кемеси

Гуманитардык жардам материалдарын ташыган экинчи кеме Мерсин портунан бүгүн жолго чыкты.

2070477
Түркиядан Газага гуманитардык жардам кемеси

Түркиядан Газага 1500 тоннага жакын гуманитардык жардамды ташыган экинчи кеме Мерсин портунан Египеттин Эл-Ариш портуна жөнөп кетти.

Ушул алкакта Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) координациясында бейөкмөт уюмдардын катышуусунда болжол менен 1500 тонна гуманитардык жардам материалдарын ташыган экинчи кеме Мерсин портунан бүгүн жолго чыкты.

Жардамды ташыган кеменин эртең Түркия убактысы боюнча саат 15:00те Египеттин Эл-Ариш портуна жетери күтүлүүдө.

Жолго чыккан кеме менен аймакка консерва тамак-аш, азык-түлүк жана гигиеналык каражаттар, бүктөлүүчү контейнерлер, чатырлар, уктоочу баштыктар, жууркандардан турган тиричилик буюмдары, кийим-кече, 6 тез жардам унаасы, жүк көтөргүчтөр жана ар кандай генераторлор жөнөтүлүүдө.



Тектеш кабарлар