Улуттук чалгындоо уюмунун операциялары уланууда
«Каркер Андок» каймана аттуу Мутлу Кажар таасирсиз кылынды.
2069257
Улуттук чалгындоо уюму (MİT) Сирияда жүргүзгөн операциясы менен жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Айнулараб (Кобани) жооптуусу «Каркер Андок» каймана аттуу Мутлу Кажарды таасирсиз кылды.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, 1997-жылы террордук уюмга кошулуп, 2009-жылы Ирактын Хафтанин аймагында террордук иш-аракеттерди кылган Кажар, коопсуздук күчтөрү менен кагылышууларда колунан жана көзүнөн жаракат алды.
Көптөн бери коопсуздук күчтөрү артынан түшкөн жана Сирияда жайгашкан жери аныкталган Кажар MİT уюштурган операцияда таасирсиз кылынды.
Тектеш кабарлар
Грециянын премьер-министри эртең Түркияга келет
Президент Режеп Таййип Эрдоган Мицотакисти борбор шаар Анкарада кабыл алат.