Фахреттин Алтун жалган маалымат менен күрөшүүдө чечкиндүү экендиктерин айтты

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Стамбулда Коммуникация башкармалыгы тарабынан уюштурулган Эл аралык стратегиялык коммуникация саммитинин (Stratcom Summit'23) жабылышында сөз сүйлөдү.

2068851
Фахреттин Алтун жалган маалымат менен күрөшүүдө чечкиндүү экендиктерин айтты

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жалган маалымат менен күрөшүүдө чечкиндүү экендиктерин айтты.

Алтун Стамбулда Коммуникация башкармалыгы тарабынан уюштурулган Эл аралык стратегиялык коммуникация саммитинин (Stratcom Summit'23) жабылышында сөз сүйлөдү.

Саммитте бүткүл дүйнөнү коркунучка салган гибрид коркунучтары менен кантип, кандай жолдор жана ыкмалар менен күрөшө тургандарын эки күн сүйлөшкөндөрүн жана талкуулагандарын белгилеген Алтун: «Стратегиялык коммуникаторлор катары биз инсандарга, коомдорго, маданияттарга, мамлекеттерге жана демократияларга багытталган гибриддик коркунучтарга каршы натыйжалуу кызматташуубуз керек»,- деди.

Глобалдык адилетсиздиктин жалган маалымат жана фейк кабарлар аркылуу жайыла турганын баса белгилеген Алтун: «Биз глобалдык деңгээлде уюмдашабыз. Жана натыйжалуу координациялоо менен биз калптарга, жалган маалыматка жана гибриддик коркунучтарга каршы күрөшөбүз»,-деп айтты.

Израилдин басма сөз кызматкерлерин бутага алуу, эл аралык коомчулуктун туура жана так маалыматка жетүүсүнө тоскоол болуу, өз караңгылыгында чыгарылган жалган кабарлар менен чындыкты булгап жана бурмалоого багытталган бардык иш-аракеттерин катуу айыптаган Алтун, дезинформацияга жана манипуляцияларга каршы күрөшүүдө чечкиндүү экендиктерин билдирди.



Тектеш кабарлар