Президент Эрдоган "Айбүке : Мен мугалим болдум" тасмасынын галасына катышты

Президент Эрдоган тасманы жубайы Эмине Эрдоган, шейит мугалим Айбүке Ялчындын апасы Зехра, атасы Садык, агасы Айбарс Ялчын жана тасманын актёрлору менен бирге көрүштү.

2068473
Президент Эрдоган "Айбүке : Мен мугалим болдум" тасмасынын галасына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган Батмандын Козлук районунда  2017 -  жылы террористтредин кол салуусунда  22 жашында шейит болгон мугалим Шенай Айбүке Ялчындын өмүрүн жана мугалимдик кесибин чагылдырган «Айбүке : Мен муглим болду» аттуу тасманын галасына катышты.

Түркия радио телекөрсөтүү мекемеси ТРТ биргелеше чыгарган  жана  24 -  октябрь мугалимдер күнүндө  кино сүйүүчүлөр менен жолугуша турган «Айбуке ; мен мугалим болдум» тасмасынын галасы борбор шаар Анкарада Бештепе Улут Конгресс жана маданият борборунда өттү.

Президент Эрдоган тасманы жубайы Эмине Эрдоган, шейит мугалим Айбүке Ялчындын апасы Зехра, атасы Садык, агасы Айбарс Ялчын жана тасманын актёрлору менен бирге көрүштү.

Тасманын аягында жубайы Эмине Эрдоган менен сахнага чыккан президент Эрдоганга шейит мугалимдин үй-бүлөсүнөн Айбүке Ялчын колдонгон музыкалык аспап белекке берилди.

ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы да Эмине Эрдоганга Айбүке Ялчындын символдук сүрөтүндө колдонулган символдук кызыл жоолук жана кичинекей багламаны (музыкалык аспап) тапшырды.

Тасманын сценарийин Угур Кылыч менен Озан Бодур жазып, режиссерлугун Мурат Онбул аткарды.



Тектеш кабарлар