Нуман Куртулмуш Жакартада

Түркия Улуу Улуттук  Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш израилдиктердин Газадагы кыргындарынын  палестиналыктарды 2 -3 -   класс атуулдары катары көрүшү себеп болгонун айтты.

2066996
Нуман Куртулмуш Жакартада

Түркия Улуу Улуттук  Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш израилдиктердин Газадагы кыргындарынын  палестиналыктарды 2 -3 -   класс атуулдары катары көрүшү себеп болгонун айтты.

Куртулмуш  Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралия түзгөн MIKTAнын парламент спикерлеринин  9 - жыйынына катышуу үчүн барган Индонезиянын борбор шаары Жакартада Юнус Эмре институтунда Түркиядагы мектептерден бүтүргөн индонезиялык жаштар менен жолугушту.

Индонезиялыктардын түрк тилин жана түрк маданиятын үйрөнүү үчүн Юнус Эмре институтун бир борбор катары кабыл алгандарын айткан Куртулмуш институттун көптөгөн жаштардын түрк тилин үйрөнүүсүнө салым кошуусун каалады.

Дүйнөнүн бир нече жеринде аймактык кагылышуулардын болгонун эске салган Куртулмуш : "Дүйнөдө өздөрүн 1 -  класс, башкаларды  2 - 3 - класс катары көргөн өлкөлөрдүн бар экендигин көрүп жатабыз. Палестина  - Израиль арасындагы бул согуштун аркасындагы негизги себеп, бир гана  күч күрөшү эмес, израилдиктердин бир гана палестиналык боордошторубузду ал жерден чыгаруу доосу эмес, ошол эле учурда өздөрүн  1 -  класс, ал жердеги палестиналыктарды да 2 - 3 -  класстагы адам катары көрүшүнөн чыгууда",- деди. 

"Адамдардын баары жаратылышы жактан окшош болуу боюнча бири бири менен окшош",- деген Куртулмуш : "Буга ишенбеген кишинин адамдарды тең көрүшү мүмкүн эмес. Газада  тилекке каршы 5 миң бала Израиль тарабынан өлтүрүлдү, шейит болду",- деди. 

Куртулмуш : "Биз дүйнөнүн эч бир жеринде бир кишинин каза болушун каалабайбыз. Бирок (батыштыктар) Украинада каза болгон, өлтүрүлгөн бир бала үчүн аза күтүп жатат, Палестинада өлтүрүлгөн 5 миң баланын эч бир баркы -  баасы жок болууда. Аны көрбөстүккө салышууда. Анткени адамдарды жаратылышта тең көрүшпөйт",- деди. 

Жаңы бир дүйнөнүн түзүлүшү үчүн биринчи нерсе адамга көз карашынын оңдолушу экендигин баса белгилеген Куртулмуш : "Мусулман акыл дүйнөсү бизге берген эң негизги нерсе – адамдардын жаратылышта бирдей деген принцип»,- деп баа  берди.

 



Тектеш кабарлар