Эрдоган: «Тилекке каршы Бүткүл кресттүү империалисттик түзүм Хамасты күнөөлөп жатыптыр»

Президент Эрдоган Стамбулда Улуттук түрк студенттер биримдигинин башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Газа тилкесине кол салууларына токтолду.

2065942
Эрдоган: «Тилекке каршы Бүткүл кресттүү империалисттик түзүм Хамасты күнөөлөп жатыптыр»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин колунда 10 миңге жакын барымтада кармалган киши бар экенин белгилеп: «Германия катары аларды берүү кадамын таштаңыз. Биз дагы Хамастын азыркы колундагыларды алууга аракет кылалы»,-деди.

Президент Эрдоган Стамбулда Улуттук түрк студенттер биримдигинин башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Газа тилкесине кол салууларына токтолду.

«Бүткүл Батыш дүйнөсү жана кресттүү империалисттик түзүм бирге. Тилекке каршы, мен муну кечээ кечинде (Германияга) болгон сапарымда көрдүм. Мен муну президенттен көрдүм, экинчисинен (премьер-министр)да»,-деп айткан Эрдоган Хамастын 7-октябрдагы Израилге кол салуусу аймактагы акыркы абалды тутантканын айткандарын белгилеп: «Албетте, мен аларга мындай дедим: Израилдин колунан азыр 13 миң бала, аялдар жана кары-картаңдар өлтүрүлдү. Эмнеге бул тууралуу айтпайсыңар?»,- деди.

Израилдин колунда10 миңге жакын барымтадагылар бар экенин белгилеген президент: «Германия катары аларды берүү кадамын таштаңыз. Биз дагы Хамастын азыркы колундагыларды алууга аракет кылалы»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, Израилдин Газага кол салууларынын сөзсүз эл аралык деңгээлде каралып, иликтенип жана залимдердин тийиштүү жазасын алышы керектигин баса белгилеп, Газадагы геноцид боюнча 2 миңден ашуун адвокат менен тийиштүү жерлерге доо арыз менен кайрыла тургандарын айтты.

Эрдоган: «Биз муну тыкыр көзөмөлдөйбүз, биз муну жолдо калтыра албайбыз, бул жоготуу жазасыз калбашы керек»,-деди.



Тектеш кабарлар