Алтун: «Түркия өз ара аракеттенүүнүн заманбап куралдарын эффективдүү колдонууда»

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Испанияда чыгуучу саясат журналы Аталаярда жарык көргөн «Эрдогандын Түркиясы Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) ийгиликсиздикке учураган жерлерде чечимдерди сунуштап жатат» аттуу макала жарыялады.

2064145
Алтун: «Түркия өз ара аракеттенүүнүн заманбап куралдарын эффективдүү колдонууда»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Түркиянын глобалдык жана аймактык көйгөйлөрдү чечүү үчүн гуманитардык жана дипломатиялык каналдар менен катар элдик дипломатия сыяктуу мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн заманбап куралдарын эффективдүү колдонгонун белгиледи.

Алтун Испанияда чыгуучу саясат журналы Аталаярда жарык көргөн «Эрдогандын Түркиясы Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) ийгиликсиздикке учураган жерлерде чечимдерди сунуштап жатат» аттуу макаласында Түркиянын аймактык маселелердеги ролуна жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) механизминде зарыл болгон реформага көңүлдөрдү бурду.

Алтун президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Түркиянын акыркы жылдарда жасаган бурулуштары менен эл аралык тең салмактуулуктарда урмат-сыйга ээ болгонун, өзгөчө Жакынкы Чыгыш жана Кавказда аймактык маселелерде ойноочу ролун ийгиликтүү аткарганын белгиледи.

Алтун:«Түркия акыркы жылдарда жасаган бурулуштары менен эл аралык тең салмактуулуктарда урмат-сыйга ээ болууда жана өзгөчө Жакынкы Чыгыш жана Кавказ сыяктуу аймактык маселелерде ойноочу ролун ийгиликтүү аткарууда. Израил-Палестина жаңжалында жакында президент Эрдогандын жетекчилигинде ортого коюлган маселенин гуманитардык жагына басым жасаган чечимге багытталган саясий позиция мунун көрсөткүчү.

Украина, Карабах жана башка аймактык маселелер апачык көрсөтүп тургандай, Түркия Республиканын экинчи кылымына киргенибизде өз аймагында роль ойноочу жана лидер өлкөгө айланды»,-деди.

Алтун БУУнун Коопсуздук Кеңеши сыяктуу эл аралык уюмдардын глобалдык маселелерди чечүүдө жетишсиз экенин, ал тургай бул көйгөйлөрдү ого бетер тереңдеткенин баса белгилеп, эл аралык уюмдардын жаңы кылымдын жана жаңы доордун шартында жаңы тең салмактуулуктарды эске алуу менен түзүлүшү керектиги анык экенин билдирди.

Түркиянын президент Эрдогандын «Дүйнө бештен чоң» ураанына ылайык жаңы көп өлчөмдүү жана көп актердук эл аралык конъюнктурага даярданганына көңүл бурган Алтун: «Түркия глобалдык жана аймактык көйгөйлөрдү чечүү үчүн гуманитардык жана дипломатиялык каналдар менен катар элдик дипломатия сыяктуу мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн заманбап куралдарын эффективдүү колдонууда»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар