Зивинице менен Күтахия бир тууган шаар болушту

Эки шаардын бир тууган болушуна байланыштуу протоколго кол коюлду.

2062246
Зивинице менен Күтахия бир тууган шаар болушту

Босния-Герцеговинанын Зивинице шаары менен Түркиянын Күтахия шаары бир тууган шаар болушту.

Зивиниценин мэри Беган Мухич делегация менен бирге Түркиянын Күтахья шаарына барып, шаар башчысы Алим Ышык менен жолугушту. Жыйында эки шаардын бир тууган болушуна байланыштуу протоколго кол коюлду.

Жыйынды жетектеген шаар башчы Ышык, Зивинице менен болгон бир туугандыкка ыраазычылыгын билдирип: «Маданият, спорт жана экономика тармагында шаарларыбыздын ортосундагы кызматташтыкты арттыруу үчүн бирге аракет кылабыз. Келечекте Евробиримдик менен катар көптөгөн эл аралык фонддордун негизинде шаарларыбыздын жарандарын жакындатабыз»,-деди.

Зивинице шаарынын мэри Мухич да, Күтахия шаары менен бир тууган болгондору үчүн кубангандарын айтып, көрсөткөн меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди жана Босния-Герцеговина менен Түркиянын күчтүү тарыхый байланыштарынын бар экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар