Блинкен Анкарада жолугушууларды өткөрүп кетти

Хакан Фидан расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту.

2061055
Блинкен Анкарада жолугушууларды өткөрүп кетти

Тышкы иштер министри Хакан Фидан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуусунда, Газада толук ок атышпоонун «тез арада» жарыяланышы керектигин баса белгиледи.

Хакан Фидан расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, жолугушууда Газадагы абал, аймактык маселелер жана эки тараптуу карым-катнаштар каралды.

Жолугушууда эки мамлекеттүү чечим үчүн биргелешип аракеттенүү зарылдыгы да айтылды.

Ошондой эле Швециянын мүчөлүгүнүн алкагында НАТОнун кеңейүү процесси талкууланды.

Болжол менен 2,5 саатка созулган жолугушуудан кийин эч кандай билдирүү жасалган жок.

Блинкен жолугушуудан кийин Анкарадан жөнөп кетти.

Ал арада Түрк жаштар биримдигинин мүчөлөрү Тышкы иштер министрлигинин имаратынын жанында мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин Түркияга сапарына нааразылык билдиришти.

Анкара Палестина тилектештик платформасы да кечээ кечинде борборго келген Энтони Блинкенге АКШнын Анкарадагы элчилигинин алдында каршылык көрсөткөн.

Түркияга келээрден мурда Иракка күтүүсүз сапар жасаган АКШ министри борбор шаар Багдадда премьер-министр Мухаммед Шиа Судани менен жолугушкан. Бул сапарда Блинкендин ок өткөрбөгөн жилет кийип жүргөнү байкалган.



Тектеш кабарлар