Түркиянын террор менен күрөшүүсү тынымсыз уланууда

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жарыялады.

2060372
Түркиянын террор менен күрөшүүсү тынымсыз уланууда

Ирактын түндүгүндөгү Хакуркка карай абадан жүргүзүлгөн операцияда арасында жооптуу террористтер да болгон 15 бута жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) социалдык медиа эсебинде ««ПКК/КЖК жана башка террордук элементтерди таасирсиз кылуу менен, Ирактын түндүгүнөн элибизге жана коопсуздук күчтөрүбүзгө багытталган террордук чабуулдарды жок кылуу жана чек ара коопсуздугубузду камсыз кылуу максатында, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 51-беренесинен келип чыккан өзүбүздү коргоо укуктарыбызга ылайык Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында 2023-жылдын 4-ноябрында саат 19.30да террордук буталарга абадан операция жүргүзүлдү жана абадан жүргүзүлгөн операциясы менен жикчил террор уюму колдонгон жана жооптуу террористтерди да камтыган үңкүр, бункерлер, баш калкалоочу жай жана кампалардан турган жалпы 15 бута жок кылынды»,- деп айтылды.

Билдирүүдө, операцияда ата мекендик жана улуттук ок-дарылардын максималдуу колдонулушу менен көп сандаган террористтин таасирсиз абалга келтирилгени баса белгиленип, террор менен күрөшүүнүн акыркы террорист жок кылынганга чейин  чечкиндүүлүк менен улана турганы белгиленди.

Билдирүүдө, операция учурунда бейкүнөө жарандардын, достук элементтердин, тарыхый жана маданий байлыктар менен айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө үчүн бардык чаралардын көрүлгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар