Президент Эрдоган: «Палестиналык бир туугандарыбызды Израилдин зулумунан куткаруу биздин милдетибиз»
Президент Эрдоган Ризеде аяктаган кээ бир долбоорлордун массалык ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Газага кол салууларына токтолду.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Израилдин Газа тилкесине карай кол салууларына байланыштуу: «Палестиналык бир туугандарыбызды Израилдин зулумунан куткаруу жана дүйнөнүн көз алдында Газада жасалган кыргындарды токтотуу биздин милдетибиз»,-деди.
Президент Эрдоган Ризеде аяктаган кээ бир долбоорлордун массалык ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Газага кол салууларына токтолду.
Эрдоган: «Палестиналык боордошторубузду Израилдин зулумунан куткаруу жана дүйнөнүн көз алдында Газада жасалган кыргындарды токтотуу биздин милдетибиз»,-деп айтты.
Эрдоган Газада бул адеп-ахлаксыз, абийирсиз, жийиркеничтүү кыргынды жасагандарга колдоо көрсөткөндөрдүн кылмыштарын жарыялоонун тарых алдындагы жоопкерчилигинин талабы экенин айтты.
Палестина темасында көрүнгөндөн да көптү жасагандарын белгилеген президент Эрдоган : «Газадагы бир туугандарыбызды эч качан үй-жайсыз, жардамсыз жана жалгыз калтыра албайбыз жана калтырбайбыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.