Антальяга келген туристтердин саны 15 миллиондон ашты

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Антальяда маалымат берди.

2060469
Антальяга келген туристтердин саны 15 миллиондон ашты

Антальяга быйыл келген туристтердин саны 15 миллиондон ашты.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Анталья маданият жолу фестивалы үчүн барган шаарда, туризмде Түркиянын жалпысында 9 айлык маалыматка караганда 42 миллиард долларлык көрсөткүчкө жеткендерин, жылдын аягы үчүн 55,6 миллиард долларлык киреше максатына карай илгерилөө болгонун айтты.

Антальяга келген туристтердин санынын кечээтен тарта 15 миллиондон ашканын белгилеген Эрсой: «Киреше дагы, туристтердин саны дагы, пандемияга чейин туризм туу чокуга жеткен 2019-жылдан жогору. Бул абдан кубандыруучу»,-деди.

Секторду күчтөндүрүү максатында 2019-жылы Түркия Туризм таанытуу жана өнүктүрүү агенттигин түзгөндөрүн эске салган Эрсой төмөнкүлөрдү бөлүштү:

«Агенттиктин негизги милдети, сектор жана мамлекет менен биргеликте туризмге байланышкан көйгөйлөрдү тез арада чечүүнү камсыз кылуу. Муну да ийгиликтүү башкарып жатабыз. Учурда 200дөн ашык өлкөдө интенсивдүү жана эффективдүү жарнамаларды жүргүзүп жатабыз. Кыска убакыттын ичинде дүйнөдөгү эң интенсивдүү жана эффективдүү таанытуу иштерин жүргүзгөн өлкөгө айландык. Мунун натыйжасын туристтердин санынан жана кирешелерден көрүп жатабыз».



Тектеш кабарлар