Түркия Тель - Авивдеги элчисин Анкарага чакырды

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымат берилди.

2060305
Түркия Тель -  Авивдеги элчисин Анкарага чакырды

Түркия Израилдин ок атышпоо чакырууларын кабыл албастан жарандык калкка карата кол салууларын улантуусу менен Тель  -  Авивдеги элчиси Шакир Өзкан Торунларды кеңешүү үчүн борбор шаар Анкарага чакырды. 

Тышкы иштер министрлигинен бул тууралуу берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Израиль тараптын ок атышпоо чакырыктарын кабыл албаганы, жарандарга каршы кол салууларды уланткандыгы жана үзгүлтүксүз  гуманитардык жардамдын киришине уруксат бербегендиктен Газадагы гуманитардык трагедияны эске алып, Тель - Авивдеги элчиси Шакир Өзкан Торунларды кеңешүү үчүн Анкарага чакыруу чечими чыгарылды",- деп айтылды. 

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин аль - Кассам бригадалары Израилдин «Палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Месжид  -  и Аксага каршы тынымсыз эреже бузууларына жооп берип жатат» деген негизде 7 - октябрь күнү эрте менен "Акса топону" деп аталган кеңири чабуул баштаган. Израил армиясы да Газа тилкесине катуу абадан сокку урду, бомбалоону баштады.

Чыңалуунун күчөшү менен эки тараптан тең миңдеген киши набыт болду. 

 



Тектеш кабарлар