Террор менен күрөш уланууда

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта, тынчтык жана коопсуздук чөйрөсүн бузууну каалаган террористтердин кол салуу аракеттерине катуу жооп кайтарылганы белгиленди.

2058219
Террор менен күрөш уланууда

Сириянын түндүгүндөгү «Зайтун бутагы» аймагына кол салууга аракет кылган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө эки террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта, тынчтык жана коопсуздук чөйрөсүн бузууну каалаган террористтердин кол салуу аракеттерине катуу жооп кайтарылганы белгиленди.

Билдирүүдө, «Зайтун бутагы» аймагына кол салууга аракет кылган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 2 террористтин десанттар тарабынан таасирсиз кылынганы маалымдалды.

Бир тараптан Улуттук чалгындоо уюму, Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында кол салууга даярданган террордук уюм ПКК/КЖКнын Метина логистикалык жооптуусу Жахит Актайды операцияда таасирсиз кылды.

Ички иштер министри Али Йерликая социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, 28 облуста 4 миң 731 десанттан турган 61 миң 500 жандарм менен жүргүзүлгөн Баатырлар операциясынын алкагында террордук уюм тарабынан кыш айларында колдонуу үчүн даярдалган 11 чоң үңкүр жана баш калкалоочу жайдын жок кылынганын кабарлады.



Тектеш кабарлар