Түркмөнстандын президенти Түркияга алгачкы расмий сапар менен келет
Сапарында президент Режеп Тайип Эрдоган менен жолугуша турган Бердимухамедов эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу темалары менен бирге актуалдуу абалдар тууралуу да пикир алмашат.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухамедов 25 - 26 - октябрь күндөрү Түркияга алгачкы сапарын жасайт.
Сапарында президент Режеп Тайип Эрдоган менен жолугуша турган Бердимухамедов эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу темалары менен бирге актуалдуу абалдар тууралуу да пикир алмашат.
1991 - жылы 27 - октябрда эгемендигин жарыялаган Түркмөнстанды 1991-жылдын 16 - декабрында биринчи болуп тааныган өлкө Түркия болду.
Түркмөнстан менен Түркия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992 - жылдын 29 - февралында түзүлдү.
Тарыхы, тили, дини жана маданияты окшош эки боордош өлкө менен элдердин ортосунда "Бир эл, эки мамлекеттин" негизинде тең салмактуу, өз ара урмат-сыйга жана кызматташтыкка негизделген өзгөчө мамилелер бар жана тышкы саясат, соода, экономика, маданият жана билим беруу башта болгон кызматташуулар улантылууда.
Түркмөнстан Россиядан кийин түрк фирмалары эң көп иштеген экинчи өлкө катары көңүлдөрдү бурууда.
Түркия - Азербайжан - Түркмөнстан мамлекет башчыларынын биринчи саммити 2022 - жылы Түркмөнстанда болуп, саммиттин алкагында энергетика тармагындагы кызматташтыктын өнүгүшү жана жаратылыш газынын өзгөчө мааниси баса белгиленген.
Бердымухамедов саммитте сүйлөгөн сөзүндө түркмөн жаратылыш газынын Түркия аркылуу Европага сатылышына жашыл жарык жаккан.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасаган билдирүүсү.
Президент Эрдогандын 1-Майга карата билдирүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Майга карата билдирүүсүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.