1915 Чанаккале көпүрөсү глобалдык деңгээлде сыйлыкка татыктуу болду

1915  Чанаккале көпүрөсү  дүйнөнүн эң мыкты инженердик долбоорлору тандалган "Global Best Projects" конкурсунда биринчилик сыйлыгына ээ болду.

2055771
1915  Чанаккале көпүрөсү глобалдык деңгээлде сыйлыкка татыктуу болду

1915  Чанаккале көпүрөсү  дүйнөнүн эң мыкты инженердик долбоорлору тандалган "Global Best Projects" конкурсунда биринчилик сыйлыгына татыктуу болду.

Транспорт жана инфраструктура министрилигинин кургактык жолдор боюнча  башкы директорлугу тарабынан тендерге коюлган жана Түркиядан Лимарк жана Япы Меркези Түштүк Кореядан DL E&C жана  SK Ecoplant комапниялары курган биргелешкен демилге тарабынан жүргүзүлгөн  1915  Чанаккале көпүрөсү долбоору Engineering News-Record (ENR) журналы тарабынан көпүрө жана туннель категориясында  2023 - жылы Дүйнөнүн эң мыкты долбоору сыйлыгында биринчиликке  ылайык көрүлдү. 

Бул жылы  он биринчи жолу өткөрүлгөн конкурска Антарктидадан башка бардык континенттерден инженердик долбоорлор катышууда. Конкурста  долбоорлор,  команда болуп иштөө, кыйынчылыктарды жеңүү, эмгек коопсуздугу, инновация жана коомго кошкон салымы, курулуш сапаты жана чеберчилиги, функция жана дизайндагы эстетика жана сапат сыяктуу көптөгөн критерийлер боюнча кеңири баа берилди. 

Аэропорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, коомдук, аскердик, өндүрүш, маданият,  автожол, дамба, спорт жана  башка  тармактардагы түзүмдөрдү жана долбоорлорго баа берген  калыстар тобу 23 башка өлкөдөн жалпы 31 долбоорду  дүйнөгө үлгү катары көрсөтүп, биринчилик сыйлыгына ылайык көрдү. Көпүрө жана туннель категориясында сыйлыкка  1915  Чанаккале көпүрөсү  ылайык болду. 

1915 Чанаккале көпүрөсү 2021-жылы курулушу учурунда ENR журналында 10 беттик атайын бөлүмдө, 318 метр бийиктиктен тартылган көпүрөнүн сүрөтү журналдын мукабасында орун алган.

1915 Чанаккале көпүрөсү жана автожолу 2023 - жылы май айында экологиялык жана социалдык тармакта иш адып баргандар  жүргүзгөн иштер менен бирге экономикага кошкон салымдарынан улам  Бириккен Улуттар Уюмунун Европа Экономикалык Комиссиясы тарабынан уюштурулган Мамлекеттик жеке сектор кызматташтыгы жана инфраструктура сыйлыктарынын алкагында  биринчилик  сыйлыгына татыктуу болду. 

Буга чейин 1915 Чанаккале көпүрөсү эл аралык  платформаларда 12 каржы, 2 экологиялык жана социалдык, 4 жумуш менен камсыз кылуу  жана 4 инженерия боюнча жалпы 22 сыйлыкка ээ болду.

"Global Best Projects" сыйлыктары декабрь айында онлайн платформада өтө турган сыйлык тапшыруу аземинде ээлерине тапшырылат.

 



Тектеш кабарлар