Түркия Газага жардам ташыган эки учакты дагы Египетке жөнөттү

Улуттук Коргоо министрлиги Газага жардам материалдарын ташыган аба күчтөрүнө таандык дагы эки учактын Египетке жөнөтүлгөнүн билдирди.

2055009
Түркия Газага жардам ташыган эки учакты дагы Египетке жөнөттү

Улуттук Коргоо министрлиги Газага жардам материалдарын ташыган аба күчтөрүнө таандык дагы эки учактын Египетке жөнөтүлгөнүн билдирди.

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө : «Газага үчүн даярдалган жардам материалдарын Египетке жеткирүүнү улантуудабыз. Кечээки эки рейстен кийин аба күчтөрүбүзгө таандык дагы эки учак жардам материалдарын жеткирүү үчүн эртең менен саат 06.00 жана 07.30да Анкарадан Египетке жөнөп кетти»,-деди.

Ошол эле учурда Газага жардам үчүн барган дарыгерлер жана медициналык жетекчилердин арасында орун алган Саламаттыкты сактоо министрлигинин тышкы карым  - катнаштар жана Европа Биримдиги боюнча башкы директру Селами кылыч Түркиянын газалык жаралуулар үчүн жардамдарынын алкагында аймакта эки талаа ооруканасын кура тургандарын айтты.

Кылыс Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму, башка эл аралык мекемелер менен башка өлкөлөрдүн талаптарынын азырынча орундатылбагандыгын, ушул себептен бир гана Түркиянын топторунун аймкка жардам жеткиргендигин билдирди.



Тектеш кабарлар