Коргоо министри Гүлерди Илхам Алиев кабыл алды

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматта "Мустафа Кемал Ататүрк  2023" биргелешкен машыгуусунун "Тандамал байкоочу күнүнө" катышуу үчүн Бакуга барган Гүлердин Алиев менен жолугушкандыгы билдирилди.

2055311
Коргоо министри  Гүлерди Илхам Алиев кабыл алды

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлерди Азербайжандын президенти Илхам Алиев кабыл алды. 

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматта Түркия жана Азербайжандын куралдуу күчтөрү уюштурган "Мустафа Кемал Ататүрк  2023" биргелешкен машыгуусунун "Тандамал байкоочу күнүнө" катышуу үчүн Бакуга барган Гүлердин Алиев менен жолугушкандыгы билдирилди. 

Маалыматта жолугушууда Түркия менен Азербайжандын ортосундагы достук жана боордоштук карым  - катнаштарынын бардык тармактарда болгондой аскердик тармакта да ийгиликтүү өнүккөндүгү белгилендиги билдирилди.

Түркия Республикасынын негизделишинин  100 жылдыгынан улам өткөрүлгөн "Мустафа Кемал Ататүрк  2023" машыгуусунда орун алган аскердик кызматкерлер көрсөткөн жогорку профессионалдык жана  жөндөмдүүлүктөрдөн ыраазычылык менен сөз болгон жолугушууда мамлекет башчыларынын ортосундагы үзгүлтүксүз байланыштарынын ролуна көңүл бурулду. 

Азербайжандын сентябрь айында Карабакта жүргүзгөн антитеррордук операциясынан  да  сөз болгон жолугушууда Түркия менен Азербайжандын ортосундагы аскердик карым - катнаштар тууралуу пикир алмашуулар болду. 

 

 



Тектеш кабарлар