Түркиядан Газага дары-дармек жардамы жөнөтүлдү
Анкара Эсенбога аэропортунда дары-дармек жана медициналык буюмдар жүктөлгөн учак даярдыктар аяктагандан кийин 20 адис медицина кызматкери менен Каирди көздөй учуп кетти.
2054192
Түркиядан Газага дары-дармек жана медициналык буюмдарды ташыган, ичинде 20 адис саламаттыкты сактоо кызматкери болгон Президенттик учак Египетке көздөй жол тартты.
Анкара Эсенбога аэропортунда дары-дармек жана медициналык буюмдар жүктөлгөн учак даярдыктар аяктагандан кийин 20 адис медицина кызматкери менен Каирди көздөй учуп кетти.
Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа да социалдык медиа эсебинен билдирүү жасап: «Газага жардам берүү үчүн учагыбыз учуп кетти. Президенттик аппаратыбызга тиешелүү дары-дармек жана медициналык шаймандар менен толтурулган, 20 адис дарыгерди ташыган учак Анкарадан Египетке учуп кетти»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.