Түркияда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды

Бул тууралуу президент Эрдоган соцтармактан маалымат берди.

2052965
Түркияда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин Газага кол салуусунан улам Түркияда 3 күндүк улуттук аза күтүү жарыялангандыгын билдирди. 

Президент Эрдоган соцтармактан берген билдирүүсүндө : "Түркия катары палестиналык боордошторубуз жашап жаткан  кыйынчылыкты жүрөгүбүз менен сезип жатабыз. Көпчүлүгү балдар жана күнөөсүз жарандардан турган миңдеген шейиттерге болгон урмат  - сый  катары өлкөбүздө 3 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды",- деди. 

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын башкаруусу да Израилдин Газада ооруканага жасаган кол салуусунан улам өлкөдө  3 күндүк улуттук аза күтүү жарыялады. 

Израиль мурдагы күнү кечинде Газанын борборундагы Аль  -  Ахли баптис ооруканасын бомбалап кыргында  471 жаран каза болгон. 

Израилдин  7 -  октябрда баштаган кол салууларында  3 миңден ашуун палестиналык каза болуп,  12 миң 500дөн ашуун палестиналык да жараланды. 

 



Тектеш кабарлар