Түркия ооруканадагы жардырууну айыптады

Тышкы иштер министрлиги Израилдин Газадагы ооруканага кол салуусуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2052360
Түркия ооруканадагы жардырууну айыптады

Түркия Израилдин Газадагы Эль-Эхли баптист ооруканасына кол салышын эң катуу айыптаганын белгилеп, муну жапайычылык деп сыпаттады.

Тышкы иштер министрлиги Израилдин Газадагы ооруканага кол салуусуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө Газада бир оорукананын бутага алынышынын натыйжасында жүздөгөн палестиналыктын каза болушуна жана көп сандаган палестиналыктын жараланышына терең кыжырдануу болгондугу белгиленип: «Бул жапайылык кол салууларды эң катуу айыптайбыз. Кол салууларда каза болгон палестиналык боордошторубузга ырайым жана жаралуулардын тез сакайып кетишин каалайбыз. Түздөн-түз карапайым калкты бутага алган, ооруканаларды жана мектептерди бутага алган менталитеттин эл аралык укук жана абийир алдында сөзсүз жооп берет»,-деп айтылды.

Алгачкы эсептөөлөр боюнча, Израилдин Эль-Эхли баптист ооруканасын бомбалоосунун натыйжасында 500 адам каза болгон.

Каза болгондордун басымдуу бөлүгүн ымыркайлар, балдар жана аялдар түзгөнү белгиленди.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас окуядан кийин 3 күндүк аза күтүү жарыялады.



Тектеш кабарлар