Челик Батышка Палестина маселеси боюнча каршылык көрсөттү

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрага орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик Европа борборлорунда Палестинага колдоо көрсөтүү демонстрацияларына киргизилген тыюу жана чектөөлөргө социалдык медиа аркылуу каршылык көрсөттү.

2051660
Челик Батышка Палестина маселеси боюнча каршылык көрсөттү

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрага орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик:«Батыш өкмөттөрүнүн Палестинага колдоо көрсөтүү демонстрацияларын басуу жана Палестина элин колдоону криминал деп эсептеген ыкмаларды түзүү кабыл алынгыс»,-деди.

Европа борборлорунда Палестинага колдоо көрсөтүү демонстрацияларына киргизилген тыюу жана чектөөлөргө социалдык медиа аркылуу каршылык көрсөтүп:«Батыш өкмөттөрүнүн Палестинага колдоо көрсөтүү демонстрацияларын басуу жана Палестина элин колдоону криминал деп эсептеген ыкмаларды түзүү кабыл алынгыс»,-деп айткан Өмер Челик: «Израиль коопсуздук күчтөрүнүн Газа калкына каршы аракеттери бардык адамдык баалуулуктарга, адам укуктарына жана эл аралык укукка каршы келет. Бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамдардын буга каршы чыгууга укугу бар»,-деп айтты.

Хамастын аскерий канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге "Акса топону" деп аталган кеңири чабуул жасаганын жарыялаган. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Кагылышуунун күчөшүнөн улам эки тараптан тең миңдеген адамдар курман болушту.



Тектеш кабарлар