Алтун жалган маалыматка каршы эскертти

Бул боюнча Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

2051013
Алтун жалган маалыматка каршы эскертти

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун журналисттерди Израиль-Палестина жаңжалына байланыштуу жалган маалыматка каршы эскертти.

Фахреттин Алтун социалдык медиа эсебинен жазган билдирүүсүндө кагылыш болгон аймактарда кабарчылардын, журналисттердин жана медиа мекемелеринин бутага алынышы аларды абдан капалантып, тынчсыздандырганын белгиледи.

Фахреттин Алтун: «Тилекке каршы, бул кесиптештердин айрымдары чындыктын артынан сая түшүп, өмүрү менен кош айтышты. Биз журналисттерге жана карапайым элге каршы ар кандай кол салууларды жана кыргындарды катуу айыптайбыз. Жалган маалымат таратуу, туура эмес түшүнүктөрдү жаратуу жана фактыларды жеринде жашыруу максатында журналисттерди бутага алуу таптакыр кабыл алынгыс»,-деп өз баасын берди.

Алтун кагылышуу жана кризистик мезгилде медиа аркылуу жүргүзүлгөн маалымат согуштарынын чындыкка жетүүгө коркунуч туудурганын белгилеп: «Кээ бир уюшкан топтор тынымсыз дезинформациялык кампанияларды жүргүзүп жатышат. Мындай процессте медиа мекемелери алар тараткан кабардын тастыкталышы жана текшерилиши үчүн өтө кылдаттык менен мамиле кылууга милдеттүү»,-деди.

Акыркы убакта Батыш маалымат каражаттарында Израиль-Палестина жаңжалына байланыштуу жалган маалымат көрүнүүдө.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса сели» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израил армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Кагылышуу күчөгөндүктөн эки тараптан тең жүздөгөн адамдар каза тапты.



Тектеш кабарлар