Түркиянын Газага жардамдары улантылууда

Газалык жарандар үчүн Түркиянын гуманитардык жардамдарын ташыган үчүнчү учак Египеттин  Эл аралык "Ариш" аэропортуна конду.

2050867
Түркиянын  Газага жардамдары улантылууда

Газалык жарандар үчүн Түркиянын гуманитардык жардамдарын ташыган үчүнчү учак Египеттин  Эл аралык "Ариш" аэропортуна конду. 

Түркиянын жардамдарын ташыган үчүнчү учак менен алып барылган дары медициналык каражаттар, туруктуу азык-түлүк, консерва, жууркан жана жалайык сыяктуу жардам материалдары Рефах чек ара капкасынан Газага жөнөтүлөт.

Түркиянын газалык жарандар үчүн гуманитардык жардамын ташыган алгачкы эки учак кечээ Египеттин "Ариш" эл аралык аэропортуна конгон.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары ишемби күнү Израилге "Акса топону" аттуу кол салу баштагандыгын жарыялады. Газадан Израилге карай миңдеген ракета атылып, куралдуу топтор да аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да  аскердик учактары менен Газа тилкесине "Темир Кылычтар" операциясын баштаган.  Күч алган чыңалууда эки тараптан тең жоготуулар болду.

 



Тектеш кабарлар