Эрдоган Гутерриш жана Путин менен өз-өзүнчө сүйлөштү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы маалымат берди.

2049164
Эрдоган Гутерриш жана Путин менен өз-өзүнчө сүйлөштү
putin-erdogan.jpg
guterres-erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, Израиль-Палестина кагылышуусуна байланыштуу ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланган Эрдоган-Гутерриш сүйлөшүүсүндө, Түркиянын ортомчулук аракеттери аркылуу бейкүнөө жарандарга карата гуманитардык жардамдардын аймакка жеткирилиши үчүн эмне жасалса болооруна баа берилди.

Аесуз кол салуулардын абалды дагы да туңгуюкка алып келерин баса белгилеген Эрдоган, тараптардын токтоолук менен кыймыл кылып, импульсивдүү кадамдардан алыс болууларынын абдан маанилүү экенине көңүл бурду.

Эрдоган-Путин сүйлөшүүсүндө да эки лидер Израиль менен Палестинанын ортосундагы жаңжалдын жүрүшүн жана чыңалуунун жайылышын алдын алуу чараларын талкуулашты.

Сүйлөшүүдө аймактагы гуманитардык муктаждыктарды канааттандыруу үчүн кандай демилгелер көтөрүлөөрү бааланды.

Жарандык отурукташуу жерлеринин бутага алынышынын тынчсыздандыруучу экенин жана мындай кыймылдардын Түркия тарабынан жактырылбагандыгын баса белгилеген Эрдоган, Түркиянын аймакта бейпилдиктин камсыздалышы үчүн бардык аракетин уланта турганын айтты.



Тектеш кабарлар