Түркия Пиле-Йигитлер чечимине ыраазы

Түндүк Кипр Түрк Республикасында БУУнун көзөмөлүндөгү Жашыл линияда орун алган Пиле-Йигитлер жолун куруу боюнча келишим түзүлдү.

2048650
Түркия Пиле-Йигитлер чечимине ыраазы

Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Тынчтык күчүнүн ортосунда Пиле-Йигитлер жолунун курулушуна байланыштуу түзүлгөн келишимди кубаттады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, келишимдин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ар дайым көрсөткөн конструктивдүү мамилесинин жаңы мисалы экени баса белгиленди.

Билдирүүдө: «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын бул мамилеси, аралдагы эки мамлекеттин кызматташтыгына негизделген жалгыз реалдуу чечим моделинин ийгилигине түрк тараптын кошкон салымынын да көрсөткүчү»,-деп айтылды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында БУУнун көзөмөлүндөгү Жашыл линияда орун алган Пиле-Йигитлер жолунун курулушу үчүн жетишилген макулдашууга ылайык, Пиледе жашаган кипрлик түрктөрдүн айылдарына баруусу үчүн 20 жылдан бери уланып жаткан жол иштеринин аяктай турганы жарыяланды.

Пиледе жашаган түрктөрдүн айылдарына баруусун жеңилдетүү максатында 18-августта жол куруу иштери кайрадан башталган.

Бирок аймакта кызмат өтөгөн БУУнун Тынчтык күчүнүн аскерлеринин бул иштерге тоскоол болушу чыңалууну жараткан.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын башкаруусу жол куруу ишинин гуманитардык долбоор экенин белгилеп, эч кандай артка кадам болбой турганын жарыялаган.

Түркия Кипр Түрк тарабынын мамилесин толугу менен колдогон.

Тараптардын сүйлөшүүсүнөн кийин жол иштери боюнча келишим түзүлдү.

Түркия жетишилген келишимди кубаттады.



Тектеш кабарлар