Түркия KFOR командирлигин өткөрүп алды

Италиялык генерал-майор Анжело Микеле Ристучиа НАТОнун желегин жаңы KFOR командири генерал-майор Өзкан Улуташка тапшырды.

2048926
Түркия KFOR командирлигин өткөрүп алды
kfor komutasi turkiye.jpg
kosova kfor.jpg

Косоводогу НАТОнун Тынчтык күчүнүн (KFOR) командирлиги, борбор шаар Приштинадагы Film City KFOR штабында өткөрүлгөн азем менен 24 жылдан кийин биринчи жолу 1 жылдык мөөнөткө Түркияга өткөрүлдү.

Италия жана Түркиянын улуттук гимндеринин ойнолушу менен башталган аземде сөз сүйлөгөн JFC Наполи командири адмирал Стюарт Мунч, KFOR бөлүктөрүнүн Косоводогу акыркы бир жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Мунчтун сөз сүйлөөсүнөн кийин италиялык генерал-майор Анжело Микеле Ристучиа НАТОнун желегин жаңы KFOR командири генерал-майор Өзкан Улуташка тапшырды.

Улуташ өз сөзүндө түрк аскерлеринин 1999-жылдан бери Косоводо тынчтык жана ырааттуулуктун сакталышы үчүн аракет кылып жатканын айтты.

Улуташ, 24 жылдан кийин KFOR командирлигинин түрк аскерлерине өтүшү менен бирге ушул убакка чейинкидей эле мындан кийин дагы Косоводо тынчтык жана бейпилдикти орнотуу үчүн аракет кыла тургандарын, эч кандай дискриминациясыз Косово элинин тынчтыгы үчүн иштей тургандарын белгиледи.

27 өлкөдө болжол менен 4500 аскер кызматкери менен Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги астында иштеген KFOR, аймакта тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотууга карата кеңири эл аралык аракеттерди колдоо үчүн кызмат кылат.



Тектеш кабарлар