Ирактын түндүгүнө операция

Түркия убактысы боюнча саат 22:00дө Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюмга таандык буталарга абадан операция жүргүзүлүп, көп сандаган террористтин таасирсиз кылынганы белгиленди.

2047980
Ирактын түндүгүнө операция

Сириянын түндүгүнө жүргүзүлгөн абадан операция менен жикчил террордук уюм колдонгон мунай объектилери, бункерлер жана баш калкалоочу жайлардан турган 6 бута жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинен (УКМ) берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Түркия убактысы боюнча саат 22:00дө Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюмга таандык буталарга абадан операция жүргүзүлүп, көп сандаган террористтин таасирсиз кылынганы белгиленди.

Билдирүүдө: «ПКК/ЙПГ жана башка террордук элементтерди таасирсиз кылуу аркылуу Сириянын түндүгүнөн элибизге жана коопсуздук күчтөрүбүзгө карата жасалган террордук кол салууларга бөгөт болуу жана чек ара коопсуздугубузду камсыз кылуу максатында Бириккен Улуттар Уюмунун келишиминин 51-беренесинен келип чыккан өзүбүздү коргоо укуктарыбызга ылайык Сириянын түндүгүндөгү террордук буталарга карата саат 22:00де абадан операция жүргүзүлүп, абадан операция менен жикчил террордук уюм колдонгон мунай объектилери жана ичинде жооптуу деңгээлдеги террористтердин бар экени айтылган баш калкалоочу жайлардан турган 6 бута жок кылынды. Бул операция учурунда; күнөөсүз жарандарга, достук элементтерге, тарыхый-маданий баалуулуктарга жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө үчүн бардык чаралар көрүлдү»,-деп маалымдалды.



Тектеш кабарлар