Гүлер: "Ирак менен Сириянын түндүгүндө 150дөн ашуун террорист жок кылынды"
Гүлер терроризмге каршы күрөштү ушул убакка чейинкидей эле мындан ары да күчтүү түрдө уланта тургандарын айтты.
Ирак менен Сириянын түндүгүндөгү террор буталарына 1-8-октябрь күндөрүнүн аралыгында жүргүзүлгөн комплекстүү аба операцияларында 150дөн ашуун террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Стамбулда Улуттук Коргоо университетинин 2023-2024-окуу жылынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө терроризм менен күрөшкө токтолду.
Гүлер терроризмге каршы күрөштү ушул убакка чейинкидей эле мындан ары да күчтүү түрдө уланта тургандарын айтты.
Ушул алкакта Ирактын түндүгүндө 1-3-4-октябрда, Сириянын түндүгүндө 5-6 жана 8-октябрда террордук буталарга каршы эффективдүү жана кеңири абадан операция жүргүзүшкөндөрүн белгилеген Гүлер: «Ийгиликтүү жүргүзүлгөн бул операцияларда террордук уюмга таандык көптөгөн буталар, ошондой эле уюм пайдаланган киреше булактары жана объектилери толук тактык менен жок кылынып, 150дөн ашуун террорист таасирсиз кылынды. PKK/KCK, PYD/YPGнын Сирия жана Ирактагы бардык объектилери жана иш-аракеттери биздин мыйзамдуу бутабыз. Өлкөбүздүн мыйзамдуу кызыкчылыктарына жана коопсуздугуна багытталган бардык чараларды эч тартынбастан чечкиндүү түрдө ишке ашырабыз. Канкор террористтер бул аймактан жок болмоюнча терроризмге каршы күрөшүбүз чечкиндүүлүк менен уланат»,-деди.