Эрдоган: «Түркия катары туткундарды алмаштыруу менен кошо бардык ортомчулукка даярбыз»

Президент Эрдоган өкмөт жыйынынан кийин ички жана тышкы күн тартипке байланыштуу баа берди.

2048495
Эрдоган: «Түркия катары туткундарды алмаштыруу менен кошо бардык ортомчулукка даярбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Жакынкы Чыгыштагы чыңалууга байланыштуу: «Түркия катары тараптар талап кылса, туткундарды алмаштыруу менен кошо бардык ортомчулукка даяр экенибизди билдиргим келет»,-деди.

Президент Эрдоган өкмөт жыйынынан кийин ички жана тышкы күн тартипке байланыштуу баа берди.

Эрдоган: «1967-жылдагы чек аралары, борбор шаары Кудс болгон, географиялык бүтүндүгү менен көз карандысыз, эгемен Палестина мамлекети курулмайынча аймакта тынчтык жана бейпилдик болбойт»,-деп эскертти.

Эрдоган:«Биз Израилдин да, Палестинанын да аймактарында бир да бейкүнөө адамдын каны төгүлүшүнө макул эмес экенибизди ар дайым айтып келгенбиз жана айтабыз. Биз бүгүн да ошондой эле пикирдебиз»,-деп айтты.

Президент ошондой эле тараптарга «согуш этикасы жана ахлагы» бар экенин эске салып:«Газанын абадан жана жерден кол салууларга дуушар болушу, мечиттердин бомбаланышы, бейкүнөө балдардын, аялдардын, кары-картаңдардын жана жарандардын өлүмү эч качан кабыл алынбайт. Адилеттүү тынчтыктын уттуруучулары болбойт. Түркия катары тараптар талап кылса, ар кандай ортомчулукка, анын ичинде туткундарды алмаштырууга даяр экенибизди билдиргим келет. Биз Израилден Палестина жерлерин бомбалоону жана палестиналыктарды Израилдеги жарандык конуштарга кысым көрсөтүүнү токтотууну суранабыз. Ошондой эле Газа калкы муктаж боло турган гуманитардык жардам материалдарын жеткирүү үчүн керектүү даярдыктарды көрүп жатабыз»,- деди.

Хамастын аскерий канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуул жасаганын жарыялады. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирди.

Израил армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялады.

Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең жүздөгөн курмандыктар бар.



Тектеш кабарлар