Тышкы иштер министрлиги учкучсуз учуучу аппараты тууралуу маалымат берди

Тышкы иштер министрлигинен бул тууралуу берилген маалыматта Сирияда ПКК/ЙПГ террордук буталарына карата кенен масштабдуу операциялардын баштатылгандыгы эске салынды.

2047450
Тышкы иштер министрлиги учкучсуз учуучу аппараты тууралуу маалымат берди

Түркия Сириядагы операцияда куралдуу учкучсуз учуучу аппаратынын кыйрашынын  ПКК/ЙПГ террордук уюмуна карата операциясын аткаруусуна жана аныкталган буталардын атылышына таасирин тийгизбегендигин жарыялады. 

Тышкы иштер министрлигинен бул тууралуу берилген маалыматта  2023 -  жылы  1 -  октябрь күнү (борбор шаар Анкарада)  болгон террордук кол салуудан кийин мыйзамдуу өзүн  өзү коргоо укугунун  негизинде Ирак жана Сирияда ПКК/ЙПГ террордук буталарына карата кенен масштабдуу операциялардын баштатылгандыгы эске салынды. 

Ушул алкакта кечээ 5 - октябрда өзгөчө Сириянын түндүгүндөгү Тель - Рыфат, Жизире жана Дерик аймактарында жикчил террордук уюмга таандык көптөгөн буталардын жок кылынганы баса белгиленди.

Операция учурунда  үчүнчү тараптар менен иштетилген деэскалация механизминдеги ар кандай техникалык баа  берүүлөрдөн  улам 1 учкучсуз учуучу аппараттын жоголгондугу жана деэскалация механизминин эффективдүү иштеши үчүн тиешелүү тараптар менен керектүү чаралардын көрүлгөндүгү айтылды.

Маалыматта  : "Сөз болгон окуя  уланып жаткан операциянын аткарылышына жана аныкталган буталардын атылышында таасири болгон жок. Иракта болгондой  Сириядагы террордук уюм тарабынан иштелген бардык жөндөмдүүлүк жана киреше булактарын системалуу түрдө жок кылуу улантылат", - деген сөздөргө орун берилди.  

 



Тектеш кабарлар