Түркия Европа Биримдигинин чечимине каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлиги Европа Парламентинде кабыл алынган «Азербайжандын кол салуусунан кийинки «Тоолуу Карабахтагы» абал жана Азербайжандын Арменияга болгон коркутууларынын улантылышы» аттуу чечимине байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

2047080
Түркия Европа Биримдигинин чечимине каршылык көрсөттү

Түркия Европа Парламентинин Карабахка байланыштуу чечимин айыптады.

Тышкы иштер министрлиги Европа Парламентинде кабыл алынган «Азербайжандын кол салуусунан кийинки «Тоолуу Карабахтагы» абал жана Азербайжандын Арменияга болгон коркутууларынын улантылышы» аттуу чечимине байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.  

Европа Парламенти кабыл алган бул «баш ийдирүүчү өзгөчөлүгү жок чечимдин» «жоопкерчиликсиздиктин, бейкалыстыктын, бир жактуулуктун жана сабатсыздыктын символу» экени белгиленип : «Түркияга каршы көптөгөн жылдар бою негизсиз айыптоолорго толгон чечимдердин артынан кеткен популисттик жана дискриминациячыл Европа Парламентинин мүчөлөрү өлкөбүздү бутага алган сөздөрүн негиз кылып чыгарган чечимин айыптайбыз»,- деп айтылды.

Билдирүүдө Түркиянын Түштүк Кавказда туруктуу тынчтыкты жана  ырааттуулукту  орнотуу үчүн катуу аракет кылып жаткандыгы,  Түркиянын Армения менен нормалдашуу процессин жүргүзүп, Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык процессине конкреттүү салым кошкону жана Украина согушу да болгон бардык кагылышуу аянттарында жана гуманитардык кризистерде, эл аралык мыйзамдын алкагында тынчтык, бир туугандык жана өнөктөштүк кызыкчылыктарынын түзүлүшү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонгондугу, салмагы жана аракети менен президент Режеп Таййип Эрдогандын фундаменталдуу актер экендиги белгиленди.

Билдирүүдө : «Эч ким эске албаган, бирок маргиналдык сегменттердин көңүлүн бура турган мындай жоопкерчиликсиз тексттердин Европа Парламентинин чечими катары биздин алдыбызга коюлушун системалык алсыздык катары көрөбүз жана аларды олуттуу кабыл албайбыз",- деп билдирилди.  



Тектеш кабарлар