Фидан менен Хүсейин чек ара коопсуздугу тууралуу сүйлөшөт

Ирактын премьер- министри Мухаммед Шия ес-Судани тышкы иштер министри Фуад Хүсейинди Хакан Фидан менен сүйлөшүү менен  милдеттендирди.

2047369
Фидан менен Хүсейин чек ара коопсуздугу тууралуу сүйлөшөт

Ирактын премьер- министри Мухаммед Шия ес-Судани тышкы иштер министри Фуад Хүсейинди чек ара коопсуздугу боюнча маселени чечүү үчүн эки тараптуу коопсуздук комиссиясын иштетүү максатында Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен сүйлөшүү менен  милдеттендирди.

Ирактын премьер- министрлигинин аскердик катчысы генерал Яхя Ресулдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда премьер- министр Судани, Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынына жетекчилик кылды.

Өлкөдөгү коопсуздук маселелери талкууланган жыйында террор жана банги заттар менен күрөшүү темалары каралды.

Тегеран менен Багдаттын ортосунда Иран режимине каршылардын куралсыздандырылышын камтыган коопсуздук келишими да каралган жыйында келишимдин эки өлкө тарабынан ишке ашырыла баштагандыгы билдирилди.

Ирактын премьер -  министри Судани тышкы иштер министри Хүсейнди  чек арадагы коопсуздук көйгөйлөрүн чечүү үчүн эки тараптуу коопсуздук комиссиясын башкаруу үчүн Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушууну милдеттендирди.

 



Тектеш кабарлар