Эл аралык космос конгресси Антальяда өтөт
Мындай чечим Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөн Эл аралык космос федерациясынын башкы ассамблеясында кабыл алынды.
2047455
77-Эл аралык космос конгресси үчүн уюштурулган сынакты Анталья жеңди.
Мындай чечим Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөн Эл аралык космос федерациясынын башкы ассамблеясында кабыл алынды.
Ага ылайык 2026-жылы конгресс өтө турган шаар аныкталды.
Польшанын Познань шаарын артка калтырган Анталья «77-Эл аралык космос конгрессине» кожоюндук кылат.
Эл аралык космос федерациясынын жетекчиси Клэй Моури бул чечимден кийин билдирүү жасады.
"2026-жылы Антальяда өтө турган 77-Эл аралык космос конгрессине катышуу рекордун жаңыртууну пландап жатабыз. Иш-чараны чыдамсыздык менен күтүүдөбүз",- деди.
77-Эл аралык космос конгрессинин 2026-жылдын октябрында өткөрүлүшү пландалууда.