Эрдоган Деңиз күчтөрү күнүнө карата билдирүү жарыялады
Бул тууралуу Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан маалымат берилди.
2043326
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Превеза деңиз жеңишинин жылдыгы жана Деңиз күчтөрү күнүнө байланыштуу билдирүүсүн жарыялады.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган билдирүүсүндө: «Деңиздеги даңктуу жеңиштерибиздин бири болгон Превеза деңиз жеңишибиздин 485 жылдыгында адмирал Барбарос Хайреттин Паша жана анын деңизчилерин ыраазычылык менен эстейм. Деңиздерибизде кызмат өтөгөн баатыр моряктарыбыздын Деңиз күчү күнү менен куттуктайм»,-деди.
Тектеш кабарлар
Хакан Фидан Прагада Нидерландиянын тышкы иштер министри менен жолугушту
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин Х социалдык медиа эсебинен маалымат берилди.