Түркиянын коргоо өнөр жайындагы ийгиликтери дүйнөлүк басма сөздө

Лондондогу The Economist журналы Түркиянын бул тармактагы жетишкендиктерин кеңири чагылдырды.

2040503
Түркиянын коргоо өнөр жайындагы ийгиликтери дүйнөлүк басма сөздө

Түркиянын коргоо өнөр жайындагы ийгиликтери дүйнөлүк басма сөздүн көңүлүн бурууну улантууда.

Лондондогу The Economist журналы Түркиянын бул тармактагы жетишкендиктерин кеңири чагылдырды.

Журналдагы «Дүйнөнүн жаңы курал өндүрүүчүлөрү менен таанышыңыз» аттуу макалада: «Түркия коргонуу продукцияларынын экспортунда курал сатуучу өнүккөн өлкөлөрдү түйшөлтүүдө»,- деп жазылды.

The Economist ошондой эле Стокгольмдогу Эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун SIPRI 2022-жылдагы отчетун да камтыды.

SIPRI отчетуна караганда Түркиянын курал экспорту 2018-2022-жылдары мурдагы беш жылдыкка салыштырмалуу 69 пайызга өстү жана дүйнөлүк курал рыногундагы үлүшү эки эсеге көбөйдү.

Талдоодо Түркиянын 2023-жылы курал экспорттоо максатынын 6 миллиард доллар болгонуна да көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар