Гүлер Хасановду куттуктады

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, улуттук коргоо министри Гүлер Азербайжандын коргоо министри Хасанов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2040495
Гүлер Хасановду куттуктады

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Азербайжандын коргоо министри Закир Хасановду Азербайжан армиясынын Карабахтагы антитеррордук операциядагы ийгилигинен улам куттуктады.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, улуттук коргоо министри Гүлер Азербайжандын коргоо министри Хасанов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кесиптеши Хасановду операциянын ийгиликтүү аякташы менен куттуктаган Гүлер, Түркиянын ар дайымкыдай бүгүнкү күндө да Азербайжандын жанында экенин айтты.

Гүлер операцияда шейит болгон аскерлерге байланыштуу көңүл айтып, жаралуу аскерлердин сакайып кетишин каалады.

Министрлер ошондой эле ар кандай маселелер боюнча пикир алмашышты.



Тектеш кабарлар