Эрзурумга туристтердин агымы

Облустук маданият жана туризм директору Жемал Алмаз, Эрзурумда Европа жана Азиядан келген туристтердин бар экенин билдирди.

2040011
Эрзурумга туристтердин агымы
erzurum cifte minare.jpg
erzurum cifte minare1.jpg

Кышкы туризми менен өзгөчөлөнгөн жана «2025-жылы ЭКУнун (Экономикалык Кызматташтык Уюму) Туризм борбору» болуп тандалган Эрзурум бул сезондо жаратылыш кооздугу жана тарыхый баалуулуктары менен жай мезгилинде да туристтердин популярдуу жери болду.

Сепили, Кош мунаралуу медресеси, Улу мечити, Үч күмбөз жана Якутие медресеси сыяктуу көптөгөн тарыхый жерлерди камтыган Эрзурумга жергиликтүү жана чет элдик туристтер агылып келүүдө.

Облустук маданият жана туризм директору Жемал Алмаз, Эрзурумда Европа жана Азиядан келген туристтердин бар экенин билдирди.

Германия жана Англиядан Эрзурумга дайыма туристтердин келгенин белгилеген Алмаз: «Иран менен Азербайжан негизинен алдыңкы катарда. Маданий окшоштуктар да, транспорттун жеңилдиги да алар үчүн тандоо себеби. Мындан тышкары Германия, Англия жана Франция алдыңкы планга чыгат. Кытай, Корея жана Япония сыяктуу өлкөлөрдөн да акырындык менен туристтерди тарта баштадык»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар