Эрдоган Американын PBS каналынын күн тартиби тууралуу суроолоруна жооп берди

Эрдоган  : «Биз ар дайыма өзүн өзү камсыздаган өлкө болдук.  Эч качан Европа Биримдигинин салымына же колдоосуна муктаж болгон жокпуз»,- деди.

2039092
Эрдоган  Американын PBS каналынын күн тартиби тууралуу суроолоруна жооп берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган  : «Биз ар дайыма өзүн өзү камсыздаган өлкө болдук.  Эч качан Европа Биримдигинин салымына же колдоосуна муктаж болгон жокпуз»,- деди.

Президент Эрдоган БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн барган Нью - Йоркто Американын PBS каналынын күн тартиби тууралуу суроолоруна жооп берди.

Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнөн баш тартууга даяр же даяр эмес экендиги тууралуу берилген суроого Эрдоган Түркиянын Европа Биримдигинин чечимдерине маани бергендигин айтып : «Европа Биримдиги оң чечим чыгара турган болсо муну ыраазычылык менен кабыл алабыз. Түркия акыркы 50 жылдан бери Европа Биримдигинин каалгасында күтүп жатат. Биз ар дайым өзүн өзү камсыздаган өлкө болдук. Европа Биримдигинин салымына же колдоосуна муктаж болгон жокпуз»,- деди.

АКШнын Түркияга Ф- 16сатышы тууралууШвециянын НАТОго мүчөлүк темаларынын бири бири менен байланыштуубу же байланыштуу эмеспи деген суроого : «Менин оюмча байланышы болбошу керек. Байден бул тууралуу чечимди Конгресстин чыгара тургандыгын айтты. Ар дайым айтканыбыздай биздин да Түркия Улуу Улуттук Парламентибиз бар. Тактап айтканда бул темаларга парламент чечим чыгарат. Парламент бул темада оң чечим чыгарбаса анда бул жагдайда жасала турган эч нерсе жок»,- деп жооп берди.

Президент Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путиндин Кара деңиз дан демилгесин эмне себептен кайрадан жандандырбагандыгына байланыштуу суроого : «Биз Путинден сурандык жана дагы 1 миллион тонна дан  жибере тургандыгын айтты»,- деп жооп берди.

Президент Эрдоган Путиндин дан экспортун дароо баштай тургандыгын айтканын белгилеп, абалдарды жакындан иликтешкендерин белгиледи.

«Бул убадасын аткарарына ишенесизби»,- деген суроого Эрдоган буларды айтып жооп берди : «Путинге ишенбешиме эч кандай себеп жок. Батыш канчалык ишнеимдүү болсо Россия да ошончолук ишенимдүү. 50 жылдан бери бизди каалгасында күттүргөн Европа Биримдиги. Азыркы учурда Батышка канчалык ишенген болсом Россияга да ошончолук ишенем».



Тектеш кабарлар