Анкарада Малайзиянын Эгемендүүлүк күнү белгиленди

Малайзиянын Эгемендүүлүк күнүнүн 66 жылдыгынан улам борбор шаар Анкарада сый кече уюштурулду.

2038844
Анкарада Малайзиянын Эгемендүүлүк күнү белгиленди

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Малайзиянын Түркиянын Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң чоң стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин айтты.

Малайзиянын Эгемендүүлүк күнүнүн 66 жылдыгынан улам борбор шаар Анкарада сый кече уюштурулду.

Кечеге улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, Малайзиянын Анкарадагы элчиси Сазали Бин Мустафа Кемал, чет элдик өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, жогорку даражалуу аскер адамдары жана көптөгөн коноктор катышты.

Кечеде сөз сүйлөгөн Гүлер, Малайзиянын жайгашкан жеринен улам Түштүк-Чыгыш Азияда стратегиялык мааниси жогору өлкө экенин айтты.

Малайзиянын акыркы жылдарда ар тармакта өнүгүп, күчтөнүп жаткан өлкөгө айланганын билдирген Гүлер: «Түркия катары биз терең тарыхый жана маданий карым-катнаштарга ээ болгон бир тууган Малайзиянын мындай өнүгүшүнө абдан ыраазыбыз. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер тарыхый жана маданий байланыштарга, сүйүү, урмат-сый жана кызматташтыкка негизделген. Бүгүнкү күндө Малайзия Түркиянын Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң чоң стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири»,- деди.

Гүлер эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштардын жана кызматташтыктын акыркы жылдарда дээрлик бардык тармакта ылдам өнүгүп жатканын белгиледи.

Түркия-Малайзия эки тараптуу карым-катнаштарына токтолгон Сазали да эки өлкөнүн лидерлеринин ар дайым байланышта экенин эске салып, Малайзия-Түркия карым-катнаштарынын бир гана саясат жана экономика менен чектелбестигин, 6-февралда болгон жер титирөөлөрдө да Малайзия элинин Түркиянын жанында болгонун айтты.  



Тектеш кабарлар