Саламаттыкты сактоо министри Кожа: "Эрис варианты 9 кишиде байкалды"
Министр Кожа социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.
Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, Ковид-19дун Эрис вариантынын 9 адамда байкалганын жана мунун тынчсыздануу жаратуучу жагдай эмес экенин айтты.
Министр Кожа социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Эрис вариантынын чет өлкөгө барып келген адамдарда байкалганын белгилеп: «Кооптонууга себеп болбой турган жагдай. Вируленттүүлүгүнүн төмөн экени билинген Эрис варианты, Референттик лабораторияда жүргүзүлгөн иликтөөдө 9 адамдан байкалды. Алар чет өлкөдөн келген жана бир үй-бүлөдөн. Учурдагы чара көрүүлөр менен күнүмдүк жашообузду улантабыз. Мындай жагдай башка өлкөлөрдө да бар, бизде да болушу мүмкүн»,-деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.