Түркиянын ЕП отчетуна каршы билдирүүсү...

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Европа Парламентинин сунуштоо чечими мүнөзүндө болгон 2022-жылдагы Түркия отчетунун 13-сентябрдагы AP Башкы ассамблеясында кабыл алынганы белгиленди.

2037209
Түркиянын ЕП отчетуна каршы билдирүүсү...

Түркия, Европа Парламентинин (ЕП) 2022-жылдагы Түркия боюнча отчетунун адилетсиз айыптоолорго жана алдын ала пикирлерге толгондугун билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Европа Парламентинин сунуштоо чечими мүнөзүндө болгон 2022-жылдагы Түркия отчетунун 13-сентябрдагы AP Башкы ассамблеясында кабыл алынганы белгиленди.

Билдирүүдө баяндамада Европарламенттин мүчөлөрүнүн күнүмдүк популисттик саясаттын кулу экени жана Евробиримдикке да, аймакка да туура стратегиялык мамиле жасоодон канчалык алыс экенин да көрсөткөнү белгиленип: «Түркияга каршы чөйрөлөрдүн жалган маалыматына негизделген адилетсиз айыптоолорго жана бейкалыс пикирлерге толгон бул отчет Европа Биримдигинин өлкөбүз менен болгон мамилесине да, Евробиримдиктин келечегине да адаттагы тайыз жана көрөгөчсүз мамилесин чагылдырат. Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарынын жандануусу үчүн мүмкүнчүлүк терезеси ачылган,континентибиздин ырааттуулугу жана коопсуздугу үчүн ушундай критикалык мезгилде ЕПнин карым-катнаштарыбыздын таянычы болгон мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн ордуна башка максаттарды көтөрүшүн акылга сыйбаган нерсе деп эсептейбиз. Мындан тышкары, ЕПнин баяндамага киргизген Эгей деңизи, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Кипр маселелери боюнча айрым чөйрөлөрдүн бир жактуу көз караштарын чагылдырып, тарыхый жана укуктук реалдуулуктардан ажыратылган дооматтарынын бизге эч кандай тиешеси жок»,-деп айтылды.

Алдыдагы мезгилде Бажы биримдигин жаңыртуу жана визаны либералдаштыруу диалогун ылдам түрдө бүтүрүү Түркиянын ЕБ менен орток максаты экени билдирилип, бул темаларда таштала турган эки тараптуу кадамдардын Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарын жана Түркиянын биримдикке кирүү процессин жаңы жана динамикалык деңгээлге алып чыга турганы белгиленди.

Билдирүүдө Түркиянын коопсуздук, энергетика, климаттын өзгөрүшү, миграция, соодадан четтөө жана экономикалык кыйынчылыктар баш болгон бардык кыйынчылыктардын алдында Европа Биримдигин глобалдык күчкө айлантуу потенциалына ээ экени баса белгиленип: «Бул факт кээ бир чөйрөлөрдүн күндөлүк таламдарына багынбаган көрөгөчтүк көз карашка ээ болушу менен мүмкүн болот»,деген баалоо жүргүзүлдү.

Билдирүүдө келерки жылдагы ЕП шайлоосунан кийин түзүлө турган жаңы Парламенттин калыс, рационалдуу жана конструктивдүү көз карашта иш алып бараарына үмүт кылынганы белгиленди.



Тектеш кабарлар