Түркия Ливияга көңүл айтууда

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмуш да Ливиянын Мамлекеттик Жогорку Кеңешинин төрагасы Текеле менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2036670
Түркия Ливияга көңүл айтууда

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ливиянын Президенттик кеңешинин төрагасы Мухаммед аль-Менфи менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Менфиге Ливиядагы сел апаатына байланыштуу капа болгонун билдирип көңүл айтты.

Эрдоган апаат менен күрөшүүдө Түркиянын дос жана боордош Ливия элинин ар дайым жанында экенин жана жардамдардын улана турганын баса белгиледи.

Өлкөдө катуу шамал жана нөшөрлөп жааган жамгырдан улам пайда болгон селден миңдеген адамдар каза тапты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмуш да Ливиянын Мамлекеттик Жогорку Кеңешинин төрагасы Текеле менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Куртулмуш сүйлөшүүдө Ливиядагы бороон жана сел апаатына байланыштуу Текелеге көңүл айтты.

Кырсыктан улам терең кайгыргандарын белгилеген Куртулмуш, боордош Ливия элинин кайгысын тең бөлүшкөндөрүн билдирди.

Куртулмуш бул азаптуу апааттын кесепеттеринин тез жоюлушу үчүн түрк калкынын ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экенин, Түркиянын бардык мүмкүнчүлүктөрү менен Ливия элинин жанында болууну уланта турганын айтты.

Ливиянын Президенттик кеңешинин төрагасынын орун басары Муса ел-Куни да өлкөдөгү сел апаатынан кийин көрсөткөн колдоосу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.

Президенттик кеңештин басма сөз кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Кунинин борбор шаар Триполиде Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери менен жолугушканы кабарланды.

Билдирүүдө Түркиядан барган делегациянын Ливиянын чыгышында, өзгөчө Дерна шаарында болгон сел апаатынан каза тапкандарга байланыштуу президент Эрдоган жана Түркиянын атынан көңүл айтканы белгиленди.

Төраганын орун басары Куни болсо «Ливия элинин башынан өткөргөн бардык кыйынчылыктарда Түркиянын колдоо көрсөткөнүн» айтып, Түркиядан барган адис топтордун апааттан кийинки куткаруу процессине жана сел сууларында жоголгондорду табуу иштерине салым кошконун маалымдады.

Куни көрсөткөн колдоосу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар