Түркия селден жапа чеккен Ливияга жардам берди

Улуттук коргоо министрлиги Ливияга издөө - куткаруу топторун жана негизги тиричилик буюмдарын ташыган үч жүк ташуучу учактын биринчисинин борбор шаар Анкарадан учкандыгын билдирди.

2036089

Апаат жана чукул абалдарды башкаруу төрагасы Окай Мемиш 3 жүк ташуучу учактын сел апааты болгон Ливияга издөө - куткаруу топторун жана материалдарды алып барарын, каттамдардын 4 саат аралык менен уюштурула тургандыгын айтты. Мемиш : «Түркиянын, түрк мамлекетинин жана түрк улутунун жардам колун дос жана боордош Ливия элине сунабыз»,-деди.

Президент Эрдоган Ливиядагы сел апаатына байланыштуу соцтрамактан берген маалыматында : «Түркия Ливия калкынын жанында. АФАДдын координациясында Бенгазиге конуу үчүн 3 каттам уюштурулду»,- деди.

Ливия калкына жакшы тилектерин билдирген Эрдоган : «Учактарыбызда биринчи этапта куткаруу жана башка иштерге жардам берүү максатында 168 кызматкер, 2 издөө – куткаруу унаасы, 2 куткаруучу катер, 170 чатыр, 600 жууркан, 400 азык-түлүк жана гигиеналык пакет, 20 генератор, 1000 жамгырда кийүүчү кийим, 500 өтүк жана 500 фонарь болот", - деди.

Тектеш кабарлар