Эрдоган: «Азык-түлүк коопсуздугу боюнча жумушчу топту жакын арада чогултабыз»

Президент Эрдоган Индиянын борбор шаары Нью-Делиде өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин эл аралык маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2035347
Эрдоган: «Азык-түлүк коопсуздугу боюнча жумушчу топту жакын арада чогултабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Азык-түлүк коопсуздугу боюнча жумушчу топту жакын арада чогулта тургандарын айтты.

Президент Эрдоган Индиянын борбор шаары Нью-Делиде өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин эл аралык маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Дан темасында Орусияны четтеткен процесстин туруктуу боло албастыгын белгилеген Эрдоган: «Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна салым кошуу үчүн биз жакында Азык-түлүк коопсуздугу боюнча жумушчу топту чакырабыз»,- деди.

Эрдоган: «Кара деңиздеги тынчтыкты бузуп, аймактагы чыңалууну күчөтө турган ар кандай кадамдардан качуу керек деп эсептейбиз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, ар кайсы өлкөлөрдө Курани Каримге болгон кол салууларга байланыштуу: «Ыйык Куранды полициянын коргоосунда өрттөө ачык провокация, жек көрүү кылмышы. Бул тууралуу унчукпай коюубузду эч ким күтө албайт. Өлкөбүздүн сунуштары жана аракеттери менен Чоң жыйырмалыктын декларациясында ыйык китептерге кол салуу да айыпталды»,-деп кошумчалады.

Эрдоган Исламга карата душмандык күчөгөн бардык өлкөлөр эми чечкиндүү саясатты карманышы керек деп эсептей турганын белгиледи.

Президент Эрдоган Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу: «Түркия Улуу Улуттук Жыйынында мындай чечим кабыл алынмайынча менин «ооба» деп айтуум мүмкүн эмес»,- деди.

Эрдоган: «(Лидерлер саммитинде) мырза (АКШнын президенти Джо) Байден менен аякта болсо да жолуктук. Ал жерде (Түркиянын) F-16 (сатып алуу) маселесин да талкууладык. Тилекке каршы, достор F-16га байланыштуу ишти алып барып Швецияга такап жатышат. Алар «Швеция эле Швеция» дешет. Бул мамилеси бизди катуу капа кылууда»,-деп айтты.

Президент Эрдоган сөзүндө Түркиянын Европа Биримдигине (ЕБ) мүчөлүгүнө да токтолуп: «Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр бизди 50 жылдан бери ар дайым алаксытып келет, бүгүн да бизди азгырып жатышат. Бизди азгырышабы же жокпу Түркия Түркия бойдон турат. Биз жолубузду улантабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар