Жеңиш майрамына карата Стамбулдагы тарыхый жерлер жарыктандырылды

Тарыхый жерлерге түрк желеги чагылдырылды.

2031099
Жеңиш майрамына карата Стамбулдагы тарыхый жерлер жарыктандырылды

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан 30-август Жеңиш майрамы жана Түрк куралдуу күчтөрү күнүнөн улам Стамбулдагы тарыхый жерлер жарыктандырылды.

Галата мунарасы, Хайдарпаша станциясы, Долмабахче ант дарбазасы, Беязыт өрт өчүрүү мунарасы, Кулели аскердик лицейи жана Бешикташ деңиз музейине түрк желеги чагылдырылды.

Босфор кысыгында болсо Кулели аскердик лицейинин алдында фейерверк атылды.



Тектеш кабарлар