Эрдоган Аскердик академиядагы аземде сөз сүйлөдү

Президент Эрдоган Түрк Аскердик академиясында Улуттук коргоо университетинин аскер академиясынын диплом алуу жана туу тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

2031006
Эрдоган Аскердик академиядагы аземде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын жакында, негизсиз шылтоолорду айтып абадан коргонуу системаларын бербеген өлкөлөргө абадан коргонуу системаларын сата турган абалга келерин айтты.

Президент Эрдоган Түрк Аскердик академиясында Улуттук коргоо университетинин аскер академиясынын диплом алуу жана туу тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Кылымдар бою 3 континент жана 7 климатта тынчтыкты жана бейпилдикти орноткон ата-бабаларыбыздын бизге калтырган кайталангыс мурасын кеңейтүүгө чечкиндүү экендиктерин белгилеген Эрдоган: «Түрк дүйнөсү менен кызматташуубузду өркүндөтүү менен бирге Африкадагы боордошторубузга да артыбызды салбайбыз. Европа жана Азия өлкөлөрү менен карым-катнашыбызды дагы да өнүктүрүүгө аракет кылуудабыз. Досторубуздун санын көбөйтүп, душмандарыбыздын санын азайтууга аракет кылып жатабыз»,- деди.

Күчтүү жана заманбап армиянын канчалык баш тартылгыс экендигин учурда баары тарабынан кабыл алынганын айткан Эрдоган: «2023-жылдын аягына чейин Улуттук согуштук учак KAANдын учушун көрөбүз. Буюрса, жакын арада негизсиз шылтоолорду айтып бизге абадан коргонуу системасын бербегендерге абадан коргонуу системаларын сата турган абалга келебиз»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар