Соода министри Өмер Болаттын Ирак сапары

Соода министри Өмер Болат Ирак менен болгон карым-катнаштарды бардык тармакта, өзгөчө соода, инвестиция жана логистика темасында бир топ жогорку деңгээлге көтөрө тургандарын айтты.

2030420
Соода министри Өмер Болаттын Ирак сапары

Соода министри Өмер Болат Ирак менен болгон карым - катнаштарды бардык тармакта, өзгөчө соода, инвестиция жана логистика темасында бир топ жогорку деңгээлге көтөрө тургандарын айтты.

Министр Болат социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Багдад сапарын Ирактын вице – премьер - министри жана пландоо министри Мухаммед Али Темим менен эки тараптуу жолугушуу менен баштагандарын айтты.

Болат Түркиянын алдыңкы иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү да катышкан сапардын алкагында өз ара инвестицияларды жана соода көлөмүн дагы да күчтөндүрүү үчүн таштала турган конкреттүү кадамдарды сүйлөшкөндөрүн белгилеп : "Бажы, импорт жана стандартташтыруу тармагындагы күтүүлөрүбүздү айтуу мүмкүнчүлүгүн таптык. Ошондой эле Ирактын инфраструктурасын жана суперструктурасын курууда биздин подрядчылардын салымы, жаңы шаарларды жана пландалган жаңы аймактарды куруу боюнча пикир алмаштык. Соода, инвестиция, карым-катнаштарыбызды ар бир тармакта, өзгөчө контракт жана логистикада бир топ жогорку деңгээлге алып чыгабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар