Грециянын тышкы иштер министри Түркияга келет
Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө маалымат берди.
2029610
![Грециянын тышкы иштер министри Түркияга келет](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4144/4faa/6305/64eb058a18f1c.jpg?time=1718557330)
Грециянын тышкы иштер министри Йорго Герапетритис 5-сентябрда Түркияга иш сапары менен келет.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Грек Республикасынын Тышкы иштер министри Йорго Герапетритис 2023-жылдын 5-сентябрында Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Түркияга иш сапары менен келет. Эки министр эки тараптуу карым-катнаштарды жана аймактык маселелерди талкуулашат»,- деп айтылды.