Ирактын түндүгүндө бир аскер шейит болду
Колдо жасалган жарылуучу заттардын жарылышы менен оор жаракат алган келишимдүү жөө аскер Эркан Селчук шейит болду.
2029349
Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел - Кулпу" операция аймагында жикчил террордук уюм жайгаштырган колдо жасалган жарылуучу заттардын жарылышы менен оор жаракат алган келишимдүү жөө аскер Эркан Селчук шейит болду.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта "Чеңгел - Кулпу" операция аймагында 25 - августта жикчил террордук уюм тарабынан жайгаштырылган колдо жасалган жарылуучу заттардын жарылуусу менен оор жаракат алып ооруканага жаткырылган Селчуктун бардык жардамдарга карабастан шейит болгондугу маалымдалды.